Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 27-сентябрга карата аба-ырайы

27-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борборунан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Талас, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад облустарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачындын ыктымалдуулугу аз.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан