Британиялык тургундун жашаган тамынын чатырынан табылган кытай өндүрүшүндөгү эски чайнек аукциондо 495 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, табылга Кытайдын Цяньлун императорунун башкаруусундагы доорго таандык экени айтылат.
Буюмдун мурдагы ээси чайнек ага Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Азиядан Улуу Британияга алып келген чоң атасынан калганын билдирген. Ал көөнө буюмду антикалык оокаттар дүкөнүнө саткысы келгенин, бирок кийин эксперт менен кеңешүүнү чечкенин белгилеген.
"Auctioneer Hansons" аукционунда баштапкы нарк 50 миң доллардын тегерегинде болгон. Сегиз кардар бааны улам көтөрүп отуруп, буюм старттык баадан дээрлик он эсеге кымбат сатылган.
Императордук доордогу чайнекти сатып алган адам аты-жөнүн жарыялагысы келбеген Лондондун тургуну болгон.