"Атаман" каймана аты менен белгилүү болгон Кыргыз мушкери Рафаэль Физиев кезектеги беттешин UFC турниринин алкагында бразилиялык 31 жаштагы Ренато Мойкано менен беттешет.
Эки мушкердин беттеши 28-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт.
Ренато Мойкано карьерасында жалпы 18 беттеш өткөрсө, анын 14үндө жеңүүчү аталган (экөө нокаут менен). 3 жолу жеңилүү ызасын тартса, 1 ирет тең чыккан.
Рафаэль Физиев акыркы беттешин Абу-Даби шаарында өткөн турнирде британдык Марк Диакисеге каршы өткөрүп, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган. Эки мушкердин беттеши турнирдин мыктысы аталып, экөө тең 50 миң доллар кошумча акы алышкан.