реклама
super.kg logo

Жол кырсыктарына себепкер болгон жолдогу кайырчылык менен алектенген жарандарга карата тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө

 

Жол-транспорттук кырсыктарына себепкер болгон жолдогу кайырчылык менен алектенген жарандарга карата тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайырчылык менен алектенген жарандар борбордук көчөлөрдө унаалардын жүрүүсүнө тоскоолдук жаратып, жол тыгынын пайда кылып, жолдун ортосунда кайырчылык менен алектенип, унаалардын жүрүүсүнө тоскоолдук жараткан жарандарга карата чара көрүү тууралуу айдоочулардан да ар кандай кайрылуулар келип түшүүдө.

Бул фактыларды эске алып, Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагын атайын жолдогу кайырчылык менен алектенген жарандарга карата ыкчам профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.

"Иш-чара учурунда жалпы 3 күндүн ичинде Кудайберген базары, Аламүдүн базарынын айланасы жана “Батыш автобекетинин” тегерегинде, ошондой эле борбордук чоң көчөлөрдө жолдун ортосунда унаа кырсыктарына жана жол тыгындарына себепкер болгон кайырчылык менен алектенген 60 жаран милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан аныкталып, жакынкы милиция бөлүмүнө жеткирилүүдө. Азыркы учурда ал жарандардын аты-жөнү аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
153706;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: