реклама
super.kg logo

Бишкекте тойкана жана көңүл ачуучу жайларда бир катар эреже бузуулар аныкталды

 

25-26-сентябрда өкмөттүн “Өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын алуу" токтомунун негизинде Бишкектеги көңүл ачуучу жайларда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо жана келгендердин белгиленген сандан ашпагандыгы тууралуу түшүндүрүү, профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган текшерүүдө Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан "The most", "Мурас" ресторанында текшерүү иштери болуп, анда чакырылган коноктордун саны 100 адамдан ашып, тейлөөчүлөр дагы катышкандыгы аныкталды.

Мындан тышкары 7-апрель көчөсүндө жайгашкан "Алтын Арашан", "Сый-Ордо" жана "Соң-Көл" ресторандарында коноктордун саны 100 адамдан ашканы белгилүү болгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө "Ганбей" түнкү клубуна 60тан ашуун адам келгени аныкталган.

"Жогорудагы фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 127-1-беренеси ("чектөө иш-чараларынын (карантин) талаптарын бузуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, жогоруда аталган мекемелердин ээлерине жана ижарачыларына тиешелүү юридикалык баа берилет", - деп жазылат маалыматта.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
153706;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: