реклама
super.kg logo

Соль-Илецк шаарынан Кыргыз жарандары мекенине кайтып келишти

 
26-27-сентябрь күндөрү Соль-Илецк шаарынан Кыргыз жарандары мекенине кайтып келишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-сентябрь күнү 1 миң 840, 27-сентябрь күнү 1 миң 575 мекендештер келишти. Жеринде ишти уюштурууга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Чек ара кызматынын жана Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери тартылган. Келген жарандардын саламаттыгы текшерилип, үйлөрүнө кетүүгө уруксат берилген.
26-сентябрь күнү 1 миң 840 жаран келген жаран аталган аймактарга жөнөтүлгөн:
  • Ош шаарына 124;
  • Ош облусуна 423;
  • Бишкек шаарына 176;
  • Чүй облусуна 203;
  • Нарын облусуна 47;
  • Ысык-Көл облусуна 115;
  • Талас облусуна 73;
  • Жалал-Абад облусуна 472;
  • Баткен облусуна 207.
27-сентябрь күнү келген 1 миң 575 жаран аталган аймактарга жөнөтүлгөн:
  • Ош шаарына 55 жаран;
  • Бишкек шаарына 106;
  • Ош облусуна 343;
  • Жалал-Абад облусуна 487;
  • Нарын облусуна 41;
  • Баткен облусуна 163;
  • Ысык-Көл облусуна 140;
  • Чүй облусуна 162;
  • Талас облусуна 78.
Келген мекендештер Бишкек шаардык мэриясы тарабынан бөлүнгөн автобустар менен өлкөнүн аймактарына жеткирилген.


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
153706;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: