Ноокенде рейд учурунда ресторанда өткөрүлүп жаткан той токтотулду

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда рейд учурунда ресторанда өткөрүлүп жаткан той токтотулду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен райондук ички иштер бөлүмү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирус илдетинин жайылуусун болтурбоо, санитардык нормалардын сакталуусун көзөмөлдөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Тиешелүү кызмат өкүлдөрүнөн куралган жумушчу топ район аймагындагы базарларды, кафе-ресторандарды, жарандар көп топтолуучу жайларды текшерүүгө алышты. Санитардык нормаларды сактабай, коомдук жайларда бет кабы жок жүргөндөргө эскертүүлөр берилди.

"Мындан сырткары 4 коомдук жайга протокол түзүлүп, айып пулдар салынды. Буга чейин айып пул салынып, бирок дагы деле мааракелерди кабыл алып жаткан ресторандагы той токтотулду. Учурдагы кырдаалды эске албай, алдыда дагы буюртмаларды кабыл алган ресторандын буюртмалары токтотулуп, 26-сентябрда чыгарылган штабдын чечими тааныштырылды. Штабдын чечими аткарылбаган учурда мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jibakana
2020-09-29 11:15:56
Кафелерде той ашты токтотуп жатасынар,уйлорундо той аш бергендердди Ким контроль кылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан