Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян шейшемби күнү Карабахтагы байланыш линиясындагы таңкы салгылашта душмандын брондолгон унаалары жок кылынгандыгын жарыялады.
"Согуш уланууда. Армян бөлүктөрү байланыш линиясынын бир нече аймагында Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн чабуулдарынын мизин кайтарып, айрым жерлерде өч алуу аракеттерине өтүп, аскерлерине жана техникасына каршы чабуул коюшту. Тактап айтканда, таң эрте душмандардын брондолгон унаалары жок кылынды", - деп жазган социалдык тармактагы баракчасына Степанян.
Мындан тышкары Армениянын Коргоо министрлигинин өкүлү Арцрун Оганесян Азербайжан буга жооп иретинде кезектеги чабуулуна даярданып жатканын жарыялады.
"Армения дагы бир чагымчылдыкка барды. 29-сентябрда таңкы саат 07.30дан баштап Армениянын Варденис аймагынан Азербайжандын Дашкесан районунун аймагына чейин артиллериялык аткылоолор жүрүп жатат. Азербайжан армиясы буга жетиштүү жооп берет", - деген Азербайжандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы, полковник Вагиф Даргяхлы.
Учурда эки өлкөгө тең аскер абалы жарыяланып, абал оор бойдон калууда.