Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицинанын 12 кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаары – 3;
Ош шаары – 3;
Жалал-Абад облусунда – 6.
Ал эми бир суткада ооруканалардан 6 медкызматкер жана үй карантининен 10 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3255 учур катталды, алардын ичинен 3008 медкызматкер айыгып чыкты.