Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы эпидемиологиялык кырдаал дыкат иликтенет. Бүгүн түштүк аймакка атайын топ жөнөп кетет

Бишкек шаарынын дарыгерлер тобу Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы эпидемиологиялык кырдаалды дыкат иликтөөгө тийиш. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.

"COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны күнүгө көбөйүүдө. Өзгөчө Баткен облусундагы кырдаал бизди тынчсыздандырууда. Аталган облустардагы абалды иликтөө үчүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жетектеген дарыгерлер тобу бүгүн аймакка барышат. Учурда Бишкек шаарындагы кырдаал салыштырмалуу тынч, ошондуктан күчтү кооптонууну жараткан аймакка жумшоо керек. Баткен облусундагы абалды жакшыртуу жана оорулуулардын санынын көбөйүшүнө жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүү зарыл.

Аталган аймактардагы жагдайды талдап, илдетти жуктургандардын көбөйүшүнүн себебин аныктоо шарт. Коронавирус инфекциясы менен ооруп жаткандарды аныктап, ооруканага жайгаштыруу же үй карантинине алуу мүмкүнчүлүгүн кароо максатында мурдагыдай эле үймө-үй кыдыруу иш-чарасын өткөрүү керек. Мындан тышкары борбор калаадан барган дарыгерлер Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кесиптештерине консультацияларды беришет", - деди ал.

Өкмөт башчы аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча облус жетекчилеринин жоопкерчилигин дагы бир жолу эскертти.

"Аймактарда ар бириңер ишти так жүргүзүүгө тийишсиңер. Эгерде кандайдыр бир маселе чыгып, кыйынчылыктар жаралса, элдин массалык түрдө ооруп калышына жеткирбей токтоосуз түрдө республикалык ыкчам штабга кайрылуу керек. Калк арасында санитардык нормаларды сактоонун зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери туруктуу негизде жүргүзүлүүсү зарыл. Бул иштер жарандардын ден соолугун сактоо максатында жасалат", - деп белгиледи өкмөт башчы.

Муну менен катар премьер-министр штабдын кийинки отурумунда жарандарды сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук жугуштуу ооруларга каршы эмдөө иштери, ошондой эле COVID-19дун вакцинасын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат берүү тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан