Министрлик: "Кыргыз өлкөсүндө Кавасаки синдрому катталган жок"

Кыргыз өлкөсүндө Кавасаки синдрому катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн ооруканаларына балдарды жаткыруу боюнча кайрылуулардын активдүүлүгүнүн жогорулашы байкалган жок, орундардын резерви бардык стационарларда бар. Бардык балдар стационарлары штаттык тартипте иштеп жатат.

"Дарылоонун клиникалык протоколунун 4-версиясына балдарда СOVID-19 илдети менен ооругандан кийин өрчүп кеткен мультисистемдик сезгенүү синдромун (Кавасаки) аныктоо боюнча суроолор жана диагнозун коюу критерийлери киргизилген.

Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо медициналык институтунун жана түштүк филиалынын базасында онлайн тартипте СOVID-19га чалдыккан жана оорусу өрчүп кеткен балдарды дарылоо боюнча окутуулар жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Шаардык тез жардам балдар ооруканасы бүгүнкү күндө соматикалык жана хирургиялык профилдеги балдарды кабыл алууда, ооругандар көбөйгөн мезгилде кошумча 200 орундук ачуу пландалууда. Ошондой эле Тоголок Молдо 1 дареги боюнча корпусунун базасында COVID-19га шектүү болгон балдар үчүн кошумча бөлүм ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Мындан сырткары COVID-19 менен ооруган балдар үчүн Кыргыз-Түрк достук ооруканасында, облустук жана аймактык ооруканалардын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, жаңы салынып жаткан жугуштуу оорулар ооруканаларында кошумча орундар каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан