"Чоң Капка автожол" көзөмөл өткөрмө пунктунда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы катталды. Бул тууралуу мамлекеттик Чек ара кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн чек ара пунктунан Казакстанды көздөй багыт алып бара жаткан КамАЗ оор жүк ташуучу унаасы токтотулганы маалымдалат.
"Транспорттук унааны текшерүүдө чек арачылар анын кабинасында бир адам жашынып жатканын аныкташкан. Жашынган адам 1981-жылкы С.А. аттуу Орусиянын жараны болуп чыкты. Ал жаран мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп кетүү аракетин көргөн. Документтер толтурулгандан кийин КамАЗдын айдоочусу менен кармалган жаран тиешелүү органдарга териштирүү иштери үчүн өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.