Кечээ, 30-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы бардык тойканаларга рейд жүрдү. Анын ичинен жети тойканада той өтүп жатканы белгилүү болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Жалал-Абад ресторанында 300 адамдын катышуусунда той өтүп жаткан. Комиссия андан тышкары "Аура", "Достор", "Деревянный замок", "Ак-Өргө", "Тадж-Махал" тойканаларындагы тойлорго күбө болушту. Аталган тойканалардын бардыгынын электр жарыктары өчүрүлдү.
"Аура" ресторанындагы той кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш козголду. Калгандарына айып пул салынды. Эрежеге баш ийбей жаткан тойканаларга болгон рейд күчөтүлүп, күн сайын өткөрүлөт. Бир нече ирет эскертүү алып, айып пул төлөгөндөргө эми мыйзам чегинде иш козголот", - деп билдиришти мекемеден.