Сутка ичинде медицинанын 28 кызматкери коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 28 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде айтты.

Бишкек шаары - 8;
Ош шаары - 4;
Ош облусунда - 5;
Жалал-Абад облусунда - 2;
Баткен облусунда - 9.

Ал эми бир суткада 2 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында – 3294 учур катталды, алардын ичинен 3029 медкызматкер айыгып чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан