Бүгүн, 3-октябрда мыйзамдуу ууру К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү делинген “Баха, базар-коргондуктун” баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
1-октябрда 60 жаштагы тургундун ишеничине кирип 110 миң сом акчасын алып, изин жашырып жүргөн Базар-Коргон районунун 1981-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну кармалган. Ал мурда Орусиянын аймагында жүргөнү, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси ("тоноо") менен соттолгону, криминалдык идеологияны колдоп, мурда соттолгондор менен тыгыз байланышта болгондугу жана крим-чөйрөдө “Баха, базар-коргондук” деп жүргөнү, 2010-жылдан тартып Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары (мыйзамдуу ууру К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна кирет) каттоодо турганы белгилүү болгон.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренесинин ("алдамчылык") негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.