Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 58 пайызга бүткөрүлдү

Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 58 пайызга бүткөрүлдү. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 25-июлда башталган. Анын долбоордук кубаттуулугу 100 орунга эсептелген.

"Бүгүнкү күнгѳ Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк коомдук фондунун эсебинен 60 миллион сом акча каражаты каржыланды. Подряддык уюм тарабынан жумуш жүргүзүлүп оорукананын пайдубалы, темир конструкцияларды орнотуу, жылытуу системи жана ички суу түтүктөрдү орнотуу, полун бетондоо, терезенин кашектерин орнотуу жумуштары бүткөрүлдү. Учурда чатырын жана эшиктерди орнотуу жумуштары аяктоодо", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле сырткы канализация, өрт өчүрүү системин орнотуу, жасалгалоо жумуштары жана желдетүү системин орнотуу жумуштары аткарылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан