Бүгүн, 5-октябрда өтүп жаткан митингде белгисиз адамдар эки "Тез жардам" кызматынын унаасына таш ыргытышкан. Бактыга жараша, медицина кызматкерлери жабыркаган жок.
Жалпысынан 8 адам ооруканага жеткирилди. Алардын ичинен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 4 адам, Улуттук госпиталга 4 адам жаткырылды.
Ооруканага жатуудан баш тарткандардан 2 адам.