Социалдык тармакта Бишкектеги учурдагы абалды көрсөткөн видеолор тарап жатат. Бүгүн, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митингге чыгышкан. Аларды Ак Үйдүн алдынан таратуу аракеттери болгону менен учурда митингчилер Бишкектин ар кайсы даректеринде жүрүшөт.