Акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдети 164 жарандан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек шаары - 20;
Ош шаары - 22;
Чүй облусу – 19;
Ош облусу - 9;
Нарын облусу - 5;
Ысык-Көл облусу – 9;
Жалал-Абад облусу – 21;
Баткен облусу - 59.
Өлкө боюнча жалпы 47 миң 799 жарандан илдет аныкталды. Бүгүнкү күндө стационарда 1 миң 195 бейтап, 1 миң 439 бейтап амбулатордук дарыланууда жатат.