Эртең, 8-октябрда Чүй, Талас, Нарын, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4, күндүз +15;
Талас облусунда түнкүсүн +1, күндүз +14;
Ош облусунда түнкүсүн +8, күндүз +18;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +8, күндүз +18;
Баткен облусунда түнкүсүн +11, күндүз +19;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9, күндүз +12;
Нарын облусунда түнкүсүн +1, күндүз +10.
Бишкек шаарында жаан жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2, күндүз +16 градус болот.