Учурда өз ичинде кайнап жаткан Кыргыз өлкөсүндөгү окуялар коңшу мамлекеттерде кызуу талкууга алынууда.
Кечээ, 6-октябрда орус басылмаларынан "РИА Новости" агенттиги мурдагы качкын президент Курманбек Бакиевдин өлкөдөгү жагдай тууралуу пикирин жарыялады. Алардын маалыматына караганда, Бакиев бул окуяны жүрөгү ооруп кабыл алган.
Ошондой эле "ТАСС" агенттиги өлкөдөгү окуялар тууралуу "Кыргыз өлкөсүнүн парламенти кезексиз отурум өткөрүү үчүн жетиштүү кворум топтой алган жок", "Кыргыз бийлиги милдетин аткарууну улантарын маалымдады", "Кыргыз өлкөсүндө митингге чыккандар алтын кенин басып алышууда", "Сот Атамбаевди үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды" деген сыяктуу бир катар макалаларын жарыялады.
Ал эми "Интерфакс" басылмасы "Кыргыз өлкөсүндө кландык тиреш жүрүп жатат" деген макала жазды.
Бул арада орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный да социалдык тармактагы баракчасына "Кыргыздар кыйынсыңар!" деген билдирүүсүн калтырган.
Орусиянын социалдык тармактарында Кыргыз өлкөсүндө болгон митингге байланыштуу окуяларды талкуулоо бүгүнкү күндө дагы токтой элек. Казак, беларусь эли аталган окуяны позитивдүү көз карашта алып, күлкүлүү билдирүүлөрдү дагы калтырышууда.
Ага ылайык, Сергей аттуу интернет колдонуучу: "Урматтуу кыргызстандыктар, силер Москвада көп эмессиңерби. Баскынчы-диктатор Вованы да тактан түшүрүп бергилечи, силер 2 саатта эптейсиңер", - деп жазган.
Баарынан кызыгы Александр Цой аттуу колдонуучунун эң кооптуу кесиптерге Кыргыз өлкөсүнүн президентин кошкону көпчүлүк интернет колдонуучуларына позитивдүү маанай тартуулады.
"Дүйнөдөгү эң кооптуу кесиптер:
5. Полиция
4. Куткаруучулар
3. Шахтёрлор
2. Сапёрлор
1. Кыргыз Республикасынын президенти".
Беларустун социалдык тармактын колдонуучулары: "Беларусь: Бизге тынчтык митинги кандай өтөрүн үйрөтпөгүлө! Кыргызстан: Эмесе, менин сырамды кармап тур", - деген позитивдүү билдирүүсүн калтырган.
"Эгер беларусь кыздары өздөрүнүн кикимараларын таштап, кыргыздарга турмушка чыкса, өлкөсүнөн диктатордун (ред. Лукашенко) сөөгү чыкмак", - деп жазган Andy аттуу беларусь колдонуучусу.
"Бир күнү таңда ойгонсок эле, Путиндин иш бөлмөсүн кыргыз таксисттери басып алган болот".
Беларусь өлкөсүндөгү социалдык тармактын колдонуучусу ушунчалык тездикке таң калып: "Кыргыздар, силердин гимниңердин башкы сабы: Биз, кыргыздар, убактыбызды текке кетирбейбиз деп башталат окшойт", - деп жазды.
Ал эми казактар болсо, "Казакстанда аялы күйөөсүнөн кечинде нан ала келүүсүн, ал эми Кыргыз өлкөсүндө Ак Үйдү алуусун суранат" деген билдирүү жазылган.
Жомарт Маметкарим аттуу казак интернет колдонуучусу: "2020-жыл мындан артык эч нерсе менен таң калтырбаса керек деп ойлогом, бирок минтип кыргыз боордоштор чыкты", - деген билдирүүсүн калтырган.
Учурда социалдык тармактарда буга байланыштуу талкуулар, комментарийлер токтобой, дагы деле жазылууда.