Бишкектеги "Кыргыз көмүр" кеңсесин басып алууга аракет жасалды. Учурда кырдаал турукташты деп билдиришти аталган ишкананын басма сөз кызматынан.
"Бүгүн, 7-октябрда "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын кеңсесин басып алууга аракет жасалган. Анда 50дөй адам чогулуп, ишкананын жетекчисин ээлеген кызматынан бошотууну талап кылышкан. Ишкананын жетекчилиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин чогулгандар тарап кетишти. Учурда абал турукташкан. Ал эми Кара-Кечеде абал туруктуу, көмүр ташылып жатат", - деп айтылат билдирүүдө.