Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз өлкөсүндөгү кырдаал боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Анда жазылгандай, Владимир Путин Кыргыз өлкөсүндөгү ички саясий келишпестиктер тез аранын ичинде эч кандай жоготууларсыз бүтөрүнө үмүт кыларын билдирген.
"Биз Кыргыз өлкөсүндө ички саясий келишпестиктер тез аранын ичинде эч кандай жоготууларсыз өтөрүнө ишеним артабыз", - деген ал.
Эске салсак, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптар митингге чыгышкан. Мунун натыйжасында 6-октябрь түнү топтолгон эл Ак Үйдү басып алышып, өлкөдө баш аламандык жаралды.