Бүгүн, 7-октябрда Бишкектеги Улуттук "Кабар" маалымат агенттигин басып алууга аракет кылышты. Бул тууралуу агенттиктин кызматкерлери билдиришти.
Кызматкерлердин айтымында, бир нече адамдан турган топ "Кабар" агенттигинин жетекчисинин иш бөлмөсүнө кирип барган. Алар өздөрүн "Координациялык кеңештен" келдик деп тааныштырган.
Агенттиктин жамаатына жардамга элдик кошуун келгени да кабарланат.
"Учурда агенттикте абал тынч, алар жетекчи менен сүйлөшкөндөн кийин кетишти", - дешти кызматкерлер.