Баткен облусундагы абалды ыйгарым укуктуу өкүл өз көзөмөлүнө алды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов облустун күч түзүмдөрү менен координациялык кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, координациялык кеңешмеге облустун улуттук коопсуздук кызматынын, облустук чек ара башкармалыгынын, ички иштер башкармалыгынын жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчылары Баткен районун акими, Баткен шаарынын мэри катышкан.

"Өкүл азыркы учурда өлкөдө орун алган кырдаалга байланыштуу облустагы коомдук саясий абалдын туруктуулугун камсыздоо, ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерге жол бербөө, чек аралаш аймактарда коомдук коопсуздукту сактоо максатында күч түзүмдөрүнө күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну улантуу тапшырмасын берди", - деп билдиришти мекемеден.

Ошондой эле облустагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү, кабыл алынган чектөөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө, дезинфекция жумуштарын, эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча иш алып барууну тапшырган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
guli-1980
2020-10-08 13:14:25
Бахтияр болду элего
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан