Американын Теннесси штатында 12 жаштагы бала өз алдынча иштеп жаткан атомдук реакторду үйүндө чогултуп "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
12 жаштагы Жексон Освальт эки жыл атомдук реакторду чогултуп, рекордду жаңырткан эң жаш адам наамын алды. Ал бардык жумуштарды өз алдынча үйүндө ишке ашырганын ырастаган. "Долбоор абдан оор болду. Эң кыйын жери герметикалык изоляцияны кантип жасоону билүү болду. Муну туура жолго салууга жарым жылдай убакыт жумшадым", - деген Жексон Освальт.
Освальттын долбоорун ата-энеси колдогон жана алар баласынын ийгиликтүү ишине кубанганын айтышат.