Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 15 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
Ош шаары – 1
Баткен облусунда – 5
Ош облусунда – 2
Жалал-Абад облусунда – 4
Ысык-Көл облусунда – 3
Ал эми бир суткада үй карантининен 3 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 3379 учур катталды, алардын ичинен 3075 медкызматкер айыгып чыкты.