Саясатчы Өмүрбек Бабанов, "Ата-Мекен" партиясын шайлоого жетектеп барган Жанар Акаев, аталган партиядан депутаттыкка талапкер болгон Тилек Токтогазиев, "Бир бол" партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Айжан Чыныбаева, "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова журналисттерге маалымат жыйын беришти. Алар төрт партиянын биригүүсүн "Акыркы үмүт" деп аташып, биргеликте кантип өлкөнү азыркы кырдаалдан алып чыгуу боюнча бирдиктүү меморандум кабыл алышканын жарыялашты.
"Акыркы үмүт" саясий бирикмеси өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду, ал эми биринчи вице-премьер-министрликке Тилек Токтогазиевди коюуну сунушташты.
Анда окулган билдирүүдө: "Биз азыр өлкөдө абдан чоң дестабилизация болуп турганын көрүп, төрт партия биригүүнү чечтик. 5-октябрда эл Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодогу акыйкатсыздыкка чыдабай, митингге чыгып, тарыхый күн болуп кала тургандай кадамга барышты. Өлкөдөгү азыркы учурда болуп жаткан туруксуздукту жөнгө салуу үчүн биз өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду, биринчи вице-премьер министрликке Тилек Токтогазиевди бирдиктүү талапкер катары көрсөтүүнү чечтик", - деп айтылат.