Бүгүн, 9-октябрда "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан митингде ок атышуу болду. Интернетке башы кан болуп, жерде эс-учун жоготуп жаткан адамдын видеосу тараган болчу. Ал Темир Сариевдин жан сакчысы экенин саясатчы өзү SUPER.KG порталына ырастады.
Сариевдин айтымында, жан сакчысы эс-учун жоготкон абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди.