Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 9:02де Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2,5 баллга сезилди. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.