Бишкекке бара жаткан такси кызматынын унаасы КамАЗ менен сүзүшүп, эки адам жабыркады

Айланып өтүүчү жолдо такси кызматындагы унаа оодарылып, андан эки жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Ага ылайык, жол кырсыгы бүгүн саат 10го жакын убакытта орун алганы айтылат.

"Такси кызматынын айдоочусу Бишкекти карай баратып, КамАЗ менен бет маңдай сүзүшкөн. Кагылышуудан улам жеңил унаа оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен жабыркаган эки жүргүнчүнү ооруканага алып кетишти. Алардын абалы жана жаш курактары белгисиз" , - деп жазылат маалыматта.

Айланма жолдо такси кызматындагы унаа КамАЗ менен сүзүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан