super.kg logo

Ош шаарындагы ишканаларда 60 жаштан жогорку курактагылар онлайн режимде иштешет

 

Ош шаарындагы ишканаларда 60 жаштан жогорку курактагылар онлайн режимде иштешет. Бул тууралуу Жарандык коргонуу штабынын жыйынында айтылганын Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаардагы мекеме-ишканаларда иштеген 60 жаштан жогорку курактагы кызматкерлер онлайн режимде иштөөсү боюнча чечим кабыл алынды. Ошондой эле коронавирус менен ооругандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу элге түшүндүрүү иштерин, рейддерди күчөтүү, той-мааракелерди өткөрүп жаткан кафе-ресторандарды жабуу тапшырмалары берилди.

"Бүгүнкү күндө Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы №52 мектепте ачылган стационар күнү-түнү бейтаптарды кабыл алууда. Абалга жараша стационарлар, дары-дармектер даяр болуусу айтылды. Шаардагы санитардык талаптарды көзөмөлдөө максатында Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, милиция жана тийиштүү кызматтардын өкүлдөрүнүн курамында шаар боюнча 7 жумушчу топ түзүлгөн", - деп жазылат мэриянын маалыматында.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.10.2020. 18:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
04-12-2018
Соӊку аракети:
16-10-2020 00:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
Алар пенсияга чыгып,жаштарга орун берсе болмок.
12.10.2020. 21:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
388
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
28-11-2020 18:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Алган пенсиясы деле жетишет го. Орустарга окшоп кароосуз калышса мейли, каарыган сайын кеткиси келбей калат экен, же биз деле каарыганда ушулардай болуп калабызбы, кудай сактасын. Балдарынын торундо ысык чай мчип, пенсиянды неберелерине берииип отурганга не жетсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
156015;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: