Дүйнөдө COVID илдетин кайрадан жуктуруп алгандардын арасында биринчи жолу өлүм катталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Нидерландыда 89 жаштагы аял COVID-19 инфекциясын кайрадан жуктуруп алып каза болду. Жыл башында ал дене табы көтөрүлүп, катуу жөтөлүп ооруканага кайрылган. Бейтап коронавирустук анализден өтүп, жыйынтыгында илдеттин белгилери байкалган. Аял ооруканада беш күн жатып, алсырабай өзүн жакшы сезип калганда үйүнө чыгарылган.
Андан 2 ай өтпөй кайрадан дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп, деми кысылып, өзүн начар сезе баштаганда ооруканага жаткырылган. Бейтап COVID-19 инфекциясына карата тест тапшырганда илдет бар болуп чыккан. 8 күндөн кийин аялдын абалы начарлап кеткен, 2 аптадан кийин, тилекке каршы, аял каза болуп калды.
Илимпоздор эки анализди салыштырып, жыйынтыгында маркум коронавирус инфекциясын кайрадан жуктуруп алгандыгы тастыкталган.