Бүгүн, 14-октябрда өкмөт үйүнүн алдында премьер-министр Садыр Жапаровду колдоо митинги өтүп жатат. Митингге божол менен 2 миңдей адам катышып жатат.
Митингдин катышуучулары өлкөнүн ар аймагынан келгендиктерин айтышууда.
Ошол эле учурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитишти.
Буга чейин, 10-октябрда дагы Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаровдун талапкерлигин бекитип беришкен. Бирок мыйзамдуулук жагы шек жаратат деген кептер болуп, президент Сооронбай Жээнбеков документти кайра кайтарган.