Чүй облусунун аймагында 9 айда өрттүн саны 51,2 пайызга азайды

Чүй облусунун аймагында 9 ай ичинде өрттүн саны 51,2 пайызга азайды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9 ай ичинде Чүй облусунда 458 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 938), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 51,2 пайызга азайган. Өрттүн кесепетинен 5 адам каза болуп, 9 адам өрттөн жабыркаган (өткөн жылы 9 ай ичинде 11 адам каза болуп, 10 киши жабыр тарткан). Өрт кырсыгынын кесепетинен материалдык чыгым 29 миллион 433 миң 450 сомду түзгөн. Ал эми өрттөн 930 миллион сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган. 255 өрт кырсыгы турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынан 55,6 пайызды түзгөн.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:
Жайыл району - 53;
Токмок шаары жана Чүй району – 73;
Аламүдүн району – 76;
Ысык-Ата району – 81;
Кемин району – 21;
Москва району – 52;
Панфилов району – 24;
Сокулук району – 78.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан