реклама
super.kg logo

Мэрия: "Муниципалдык автобустар коомдук тартипти сактоого катышат. Митингчилерди жеткирбейт"

 
Митингге чыккан жарандарды жүргүнчү ташуучу автобустар менен ташуу боюнча шаар тургундарынан кайрылуулар келип жатат. Мэриянын автобустары митингчилерди жеткирбейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкек жүргүнчү ташуучу унаа ишканасы" муниципалдык ишканасына тиешеси жок. Жарыяланган сүрөттөрдөгү жана видеолордогу автобустар №35 шаардык каттамды тейлеген "Шыдыр Жол Кей Жи" компаниясынын менчиги болуп саналат.

Белгилей кетсек, оор күндөрдө муниципалдык автобустар коомдук тартипти сактоого жана шаарды коргоого катышат. Биздин автобустарда күн сайын милиция кызматкерлери жана элдик көзөмөлчүлөр жүрөт. Буга чейин "Шыдыр Жол Кей Джи" ишканасына №5 автобус каттамы берилген. Бирок компания пландаштырылган боюнча өз милдеттенмелерин аткара албагандыктан азыр бул каттам жабык", - деп айтылат маалыматта.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
153675;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: