Бир суткада өлкөдө 287 кылмыш катталса, 27 жол кырсыгы болуп 5 адам каза болду

Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында абал туруктуу жана күч түзүмдөрүнүн, ыктыярдуу элдик кошуундардын көзөмөлүндө. Коменданттык сааттын аякташы менен шаарга кирип-чыгуу ачык, коомдук транспорт токтоосуз жүрүүдө. Талап-тоноочулук жана талкалоо фактылары катталган жок. Өлкөдө түзүлгөн кырдаалга жана Бишкек шаарынын аймагында киргизилген өзгөчө абал шартында ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Республика боюнча 15-октябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 287 кылмыш, 131 жоруктар катталган. Ошондой эле өткөн бир күн ичинде жалпысынан 22 жол транспорттук кырсык катталып, андан 5 жаран каза болуп, 39 жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан