Түркияда жасалма спирт ичимдигине ууланып 54 адам каза болду

Түркияда жасалма спирт ичимдигине ууланып 54 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, ичимдикке уулануу фактысы Измир, Айдын жана Текирдаг аймактарын кошкондо 11 провинциядан катталган.

"Укук коргоо органдары өлкө боюнча атайын рейддин жүрүшүндө 1500 жасалма спирт ичимдиктеринин бөтөлкөсүн жана 3 миң 200 литрден ашык жасалма суусундук тапкан.

Буга чейин ичимдикке уулануудан улам Түркияда 30 киши каза болгондугу айтылган эле. Ошол эле күнү полиция кызматкерлери Мерсин провинциясынан ичимдик жасоочу жашыруун жайды аныкташкан.

Ал эми табылган ичимдиктерде ууланууга себеп болгон метанолдун курамы көбүрөөк экендиги белгилүү болду", - деп жызылат маалыматта.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kattaldym
2020-10-18 12:23:53
Алла Алла деп койгондоручу анан күйгүзүп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан