Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров мыйзамдарга өзгөртүү киргизилсе, президенттик шайлоого катышууга даяр экендигин айтты. Бул тууралуу ал орусиялык телеканалдардын бирине билдирди.
Азыркы мыйзамга ылайык, президенттин милдетин аткаруучу президенттикке талапкер боло албайт.
"Учурда парламент шайлоо боюнча мыйзамдарга түзөтүүлөрдү даярдап жатат. Эгерде мыйзамдагы ушул өзгөртүүлөрдүн натыйжасында шайлоого катышууга уруксат берилсе, мен катышам. Азырынча айтуу эрте, бул маселе боюнча чечим кабыл алына элек", - дейт ал.