Кээде төшөктө деле бир нерсе жеп, ичүүгө туура келет. Бирок эмнени? Бул жаатта билгиңиз келсе, төмөндө аял менен эркекке заматта сексуалдык энергия тартуулай алган тамак-аштардын тизмеги сунушталат.
Жер-жемиштер. Муздак жана жыты табитти ачкан кулпунай, дан куурай (малина) төшөктө адамды сергитип, маанайын көтөрөт. Андыктан адам сүйүү көлүнө чумкуудан чарчабайт.
Зайтун майы. Секске бул майдын кандай тиешеси бар дебей туруңуз. Анткени анда секске керек гормондорду бөлүп чыгаруучу касиет бар. Демек, ачкарын бир чай кашыктан ичиңиз же салатка колдонуңуз.
Банан. Мында бел суунун иштелип чыгышы үчүн керектүү В витамини жана калий бар. Алдын ала аарчып, кесимдерге бөлүп даярдап алыңыз да, чарчабай «иштей» бериңиз.
Спаржа. Илгертен мыкты өнөктөштөр үчүн дал ушул азык афродизиактын ролун ойноп келет. Мезгил сынынан өткөн азык сизди да төшөктө күүлөндүрөт.
Устрица. Курамындагы цинк бел суунун батыраак иштелип чыгышын шарттайт.
Имбирь. Виагра чыккыча эл имбирь жеп келишкени маалым. Дүүлүктүрүп, “алигиге” кан толтуруп, аны аскердей тикесинен тургузуп даярдап берет.
Бадыраң. Таң калычтуусу, бадыраңдын жыты кээ бир аялдарды дүүлүктүрө алат.
Чили калемпири. Бакыт гормонун бөлүп чыгартууга жарайт.
Жалбыз жыттуу момпосуй. Мунун жыты аялдардын сезимин кытыгылап, эркекти бекем кучактатып “дагы бир жолу” дегенге жеткире алат.
Маалымат "Супер-Инфо" гезитинин №414 санына жарыяланган.