super.kg logo

Улуттук жана эл аралык төлөмдөрдү үзгүлтүксүз ишке ашырууну тапшырды. Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы менен жолукту

 

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Толкунбек Абдыгулов өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту, өлкөнүн банктык жана төлөм тутумунун туруктуулугун, коопсуздугун камсыздоого багытталган Улуттук банктын аткарып жаткан иштери, ошондой эле валюталык рыноктогу абал тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары калк жана ишкерлик субъектилери үчүн коронавирустук инфекциянын жайылуусунун жагымсыз кесепеттерин жайгарууга тийиштүү маселелер талкууланды.

Садыр Жапаров финансы-банк тутумунун, улуттук валютаны алмаштыруу курсунун туруктуулугун сактоонун, ошондой эле коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу улуттук экономика үчүн тобокелдиктерди кыскартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров Улуттук банкка өлкөдөгү абалды турукташтырууга байланыштуу улуттук жана эл аралык төлөм тутуму боюнча төлөм жана которуу операцияларын өз учурунда жана үзгүлтүксүз ишке ашыруу үчүн чараларды кабыл алууну, ошондой эле SWIFT тутуму жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча трансчектеш операцияларды чектөөсүз жүргүзүүнү жаңыртуу тапшырмасын берди.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
156015;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: