БУУ: "Уюм Кыргыз өлкөсүнө дайыма колдоо көрсөтүп келген жана мындан ары да тийиштүү колдоо көрсөтө берет"

Бүгүн, 20-октябрда президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман менен жолугушту.

Жолугушууда атайын өкүл Бириккен улуттар уюму Кыргыз Республикасына дайыма колдоо көрсөтүп келгендигин жана мындан ары карай да тийиштүү колдоо көрсөтө берерине ишендирип кетти.

"БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш Кыргыз республикасындагы кырдаалга кылдаттык менен байкоо салууда жана ар тараптан жардам берип, колдоо көрсөтүүгө даяр экенин тастыктады. Ошол эле учурда ал бардык процесстер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын алкагында, эч кандай басым жасалбай, адам укуктарын сактоо менен транспаренттүү жана инклюзивдик негизде ишке ашырылат деп эсептейт", - деди Наталья Герман.

Ал ошондой эле өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана башка реформаларды системалаштыруу максатында Тышкы иштер министрлиги жана башка министрликтер менен биргеликте жол картасынын долбоору иштелип чыгарын, аны жакынкы аралыкта бүтүрүү пландаштырылып жаткандыгын баса белгиледи. Наталья Герман учурда БУУ Кыргыз өлкөсүнө керектүү жардамдын багытын жана көлөмүн карап жаткандыгын кошумчалады.

Андан соң тараптар акыркы болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын талкуулашты. Премьер-министр алдыдагы парламенттик шайлоо ачык-айкын жана жогорку уюшкандыкта өтөт деп ишендирди.

Наталья Герман өкмөттүн ачык-айкын шайлоолорду өткөрүү боюнча аракеттерин жогору баалап, аларды өткөрүүдө эксперттик жана консультациялык жардамды сунуштады.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш, ошондой эле БУУнун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Германга өлкө үчүн оор болуп турган учурда ишеним көрсөтүп, колдогондугу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан