Бишкекте митинг учурунда жаракат алган бейтаптардын ичинен 29у дарылануусун улантууда

5-октябрда өткөн митингде жаракат алган бейтаптардын ичинен бүгүнкү күндө 29у дарылануусун улантууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Министрлик октябрда катталган окуяда жабыркагандардын санын азайтып көрсөтүүдө деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдиришти. Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматовдун айтымында, 5-октябрда болгон окуяда 1250 адам жаракат алган.

"Алар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук хирургия борборуна, Улуттук госпиталга, Бишкек шаардык №1 клиникалык оорулар бейтапканасына, травматология бөлүмдөрүнө кайрылышкан. Жаракат алгандардын ичинен 279 адам стационардык дарыланууга жаткырылып, 971 кишиге амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Баш аламандыкта жабыркагандардын көпчүлүгү тартип сакчылары болгондуктан, алар Ички иштер министрлигинин медициналык мекемелерине кайрылышкан. Баш аламандык учурунда жабыркагандар азыркыга чейин медициналык уюмдарга кайрылып жатышат. Алардын бардыгына акысыз медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Бүгүнкү күндө 29 жабырлануучу стационарларда дарыланып жатат”, - дейт Калмаматов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан