Тажикстанда аралыктан иштөө мыйзамдаштырылат

Тажикстанда аралыктан иштөө мыйзамдаштырылат. Бул тууралуу Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын өкүлү Мухаммадато Султановдун билдиргенине таянуу менен тажик басылмалары жазып чыгышты.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы жумушка орноштуруу мыйзамына өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулады. Ага ылайык, учурдагы мыйзамдын 1-беренесине "аралыктан иштөө" боюнча жаңы пункт киргизилет.

"Ал жумуш берүүчү менен жумушчунун мамилесин жөнгө салат" деп билдирди Мухаммадато Султанов.

Аралыктан иштегендердин ишинин өзгөчөлүктөрү Тажикстандын Эмгек кодекси менен аныкталат. Бул өзгөртүүлөрдү төмөнкү палатанын депутаттары тажик парламентинин жакынкы сессиясында карашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан