Бүгүн, 22-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүшү 4 сааттан бери күтүлүүдө. Анда “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, "Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизиле турганы каралмак.
Дээрлик 4 сааттан бери кечигип жаткан жыйындын себеби катары кворумдун чогулбаганы айтылган болчу.
Азыр "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан ММК өкүлдөрү сыртка чыгарылып, депутаттар өздөрүнчө журналисттердин катышуусу жок сүйлөшүп жатышат.
Кворум үчүн 80 депутат болуш керек, азыр алардын саны толук болгону маалымдалды. Буга чейин депутат Сулайманов кворум болбосо, жыйын болбой калуусу да мүмкүн экенин билдирген.