Руслан Казакбаев Москвада КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы менен жолукту

Бүгүн, 23-октябрда Москва шаарында Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы, аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолукту. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Жолугушууда министр Руслан Казакбаев Кыргыз өлкөсүндөгү ички саясий абалдын турукташканын айтып, учурда жүрүп жаткан саясий процесстер укуктук талаага кайтып келгенин белгилегени маалымдалат.
"Жолугушуунун жүрүшүндө КМШ кызматташтыгынын алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Ошондой эле жогорку деңгээлдеги алдыда өтө турган иш-чараларга даярдыктар жөнүндө сүйлөшүлдү. Андан сырткары шериктештиктин алкагында ар тараптуу кызматташууга эки жак тең даяр экендиктери айтылды", - деп жазылат маалыматта.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кечээ, 22-октябрда Орусияга иш сапары менен учуп кеткен. Анда министрдин Орусиянын бир катар дипломаттары жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу күтүлүп жатканы маалымдалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан