"Netflix" каза болгон актёр Чедвик Боузманды "Оскар" сыйлыгына көрсөтөт

"Netflix" сервиси рак оорусунан каза болгон Чедвик Боузманды "Оскар" сыйлыгына көрсөтөт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Актёрдун "Ма Рейни: Блюздун апасы" тасмасындагы образы "Эң мыкты эркектин ролу" номинациясында сыйлыкка көрсөтүлөт.

Аталган тасманын бет ачары 2020-жылдын 18-декабрында болот. "Кара пантера" тасмасы аркылуу калың элге таанылган актёр август айында рак оорусунан көз жумган.

Актёр 2018-жылы "Кара пантера" тасмасындагы Т'Чалла падышанын ролу үчүн "Жылдын актёру" наамын алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mmrhtbk
2020-10-23 17:08:39
Оскарга татыктуу актёр эле
0
Milduri
2020-10-23 20:39:15
Ай ий бул актер каза бoлуп калды беле жаман болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан