Бүгүн, 24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда президенттик шайлоонун мөөнөтү белгиленди.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоонун мөөнөтү катары 2021-жылдын 10-январын белгилөө сунушталып жаткандыгын жарыялады. БШК мүчөлөрү бул сунушту бекитүү үчүн добуш беришип, колдошту.