super.kg logo

Жалал-Абад шаарында Баткен коогалаңынын 21 жылдыгы белгиленди

 

Жалал-Абад шаарында Баткен коогалаңынын 21 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, калаадагы "Жеңиш" эс алуу багында өткөн иш-чарага Баткен коогалаңынын ардагерлери жана курман болгон жоокерлердин жакындары катышты. Алгач атайын эстеликке гүл коюлуп, окуяда каза болгондорго багышталып куран окулду. Мында пандемиялык шартка ылайык даталуу күн ири масштабда өткөрүлбөгөндүгү айтылып, эл жерди коргоодо сырткы күчтөр менен баатырларча салгылашкандардын эмгеги унутулбастыгы белгиленди. Ага кошо бир катар катышуучуларга республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңеши тарабынан медаль ыйгарылды.
"Жергиликтүү бийлик тарабынан курман болгон 8 жоокердин үй-бүлөсүнө акчалай жардам көрсөтүлдү. Аны менен бирге бул жылы Баткен коогалаңына катышкан 100 ардагерге калаа казынасынан каражат бөлүнүп, атайын медаль жасатылмакчы", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 1999-жылы Баткен облусунун аймагына куралчан күчтөр бастырып кирип, ага каршы Жалал-Абад шаарынан жүздөн ашуун жоокер катышкан.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
156034;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: