Испанияда COVID-19дун экинчи толкунуна карата жарыяланган өзгөчө кырдаал 2021-жылдын май айына чейин узарат

Испания өкмөтү коронавирустун экинчи толкунуна байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады. Ага ылайык, өзгөчө кырдаал 2021-жылдын май айына чейин узартылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Испаниядагы өзгөчө кырдаал кеминде эки аптага созулуп, чектөөнү андан ары узартуу үчүн өлкөнүн конституциясына ылайык, парламенттин тийиштүү чечими талап кылынат. Падышалыктын премьер-министри Педро Санчестин айтымында, Европа жана Испания эпидемиологиялык абал курч делинген аймак болгондуктан парламент өзгөчө кырдаалды 9-майга чейин узартууга жол берет деген үмүттө", - деп айтылат маалыматта.

Пандемия башталгандан бери дүйнөдө 43 миллиондон ашуун адам коронавирусту жуктуруп, 1 миллион 100 миңден ашуун адам каза болгон, 31 миллиондон ашуун бейтап илдеттен айыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан